Бишкекте мектептерде милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
Бишкекте мектептерде милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондун аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринде күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.
Милициядан билдиришкендей, күчөтүлгөн чаралар окуучулар, мугалимдер жана ата-энелердин коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Милиция кызматкерлери мектептердин жанында күзөт иштерин жүргүзүп, коомдук тартипти сактап, жарандардын ар кандай суроо-талаптарына ыкчам чара көрүүдө.
Ленин районунун бардык мектептери штаттык режимде иштеп жатат. Билим берүү мекемелеринде абал тынч, коомдук тартип бузуулар катталган жок.
Райондук ички иштер бөлүмү өзүнө бекитилген аймагында коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча бардык чараларды көрүүнү улантууда.