Илим министрлиги билим берүү мекемелеринин лицензияларын соттун чечимисиз эле токтотууну сунуштады
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Кыргызстандагы билим берүү ишмердигин лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарга окуу жай, мектеп же окуу борборлордун лицензияларын соттун чечимисиз эле токтотуу чечимин кабыл алуу укугун берүүнү сунуштады. Бул жөнүндө президенттин жарлыгынын долбоору Ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.
Жарлыкка президент кол койсо андан ары “Лицензиялык-уруксат берүү иши жөнүндө” мыйзамы өзгөртүлүшү керек.
Долбоордун негиздемесинде айрым билим берүү мекемелери мыйзамды бузуп же талаптарды аткарбаган учурда аларга чара көрүү убара жаратып жатканы, сунушталган инструмент киргизилсе бюрократияны азайта турганы белгиленген.
Билим берүүдө лицензия алуу үчүн минималдуу талаптарды гана коюу сунушталууда: материалдык-техникалык база, окуу-усулдук жана кадрдык камсыздоо. Ошол эле учурда лицензия берилгенден кийинки көзөмөл күчөтүлөрү негиздемеде белгиленет. Бул көзөмөл талаптар одоно бузулган учурда көзөмөлдөөчү орган аны жокко чыгаруу укугуна ээ болгондо кыйла эффективдүү жүргүзүлөрү кошумчаланат.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги лицензия берүүчү органдардын сотко кайрылбастан аны токтотуу же жокко чыгаруу укугунун ар кандай формалары көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде АКШ, Европа Биримдигиндеги мамлекеттерде, Орусия, Беларус, Казакстанда бар экенин маалымдайт.
Кыргызстандагы мыйзамдарга ылайык, учурда билим берүү ишмердүүлүгүнө уруксат берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдар талаптары бузулган учурда көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча билим берүү ишмердүүлүгүнө болгон лицензияны жокко чыгаруу укугуна ээ эмес. Токтотуу чечими соттун жокко чыгаруу чечими күчүнө киргенден кийин гана кабыл алынат. Билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия мөөнөтсүз берилет.
Буга чейин Кыргызстанда медициналык окуу жайлар көбөйгөнү менен көбүндө тиешелүү шарттар түзүлбөгөнү сынга алынып келген. Социалдык тармактарда илим министрлигинин соңку сунушу да кайчы-пикирлер менен коштолду.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2020-жылы 138 коллеж жана 57 жогорку окуу жай иштеген болсо, 2025-жылы коллеждердин саны 166га, жогорку окуу жайлар 89га жетти. Алардын көбү менчик билим берүү мекемелери.
Жогорку медициналык билим берүү секторунда 2021-жылы медициналык адистиктер 5 мамлекеттик жана 14 жеке жогорку окуу жайларда окутулса, быйыл бул көрсөткүч 12 мамлекеттик жана 22 жеке окуу жайга жетти.