Ысык-Көлдө изделген 17 жаштагы кыз зордукталып өлтүрүлгөн. Сөөгү Боомдон табылды

Ысык-Көлдө изделип жаткан 17 жаштагы кыз зордукталып, өлтүрүлгөн. Анын сөөгү Кеминден табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Айсулуу Мукашева 27-сентябрда түштө Барскоон айылынан Каракол шаарына чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан. Туугандарынын айтымында, ал курбу кызына барам деген боюнча кайра келген эмес. Ата-энеси кечинде кызын издеп, милицияга арыз менен кайрылышкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кыздын сөөгү Кемин районунун Боом капчыгайына жакын жердеги Жел-Арык аймагынан табылып, зордукталып өлтүрүлгөнү билинген. Ички иштер министрлигинин жана Ысык-Көл облусунун криминалдык милициясынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында 41 жаштагы шектүү жаран Бишкекте жашырынып жүргөн жеринен колго түшкөн.

"Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголду. Шектүү бүгүн камакка алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Өлтүрүлгөн кыздын туугандары шектүүнүн кызды автоунаага салып

 

10:52, 30-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар