Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы блогерлерге, контентмейкер, видеомейкерлерге жана социалдык тармактын активдүү колдонуучуларына мыйзамды сактоо тууралуу эскертти. Анда соңку кездери коомдук тартипти бузган, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан, укугуна шек келтирген түз эфирлер, пранктар көбөйгөнү белгиленген.
“Контент жайылтууда мыйзамды бузбоо керек. Эгер мыйзам бузуу аныкталса, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Бардык блогерлерди, стримерлерди жана контент жаратуучуларды коомдук тартипти жана жарандардын укуктарын урматтап, жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз”,-деп жазылган маалыматта.
Буга чейин Бишкек милициясы Инстаграмда "Тапсаң сеники" деген баракча аркылуу оюн уюштурган жаранга эскертүү берген. Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи мындай оюн уюштурбоо тууралуу убада бергенин кабарлаган. Ошондой эле анын коомчулуктан кечирим сураган видеосун да жарыялаган.