Коррупция: Ташиев өткөргөн жыйында 24 кызмат адамы кармалды

Көзөмөл-өткөрмө пунктундагы коррупциялык схемага тиешеси бар бир катар кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өткөн жыйында белгилүү болду.

Кеңешмеде Ташиев "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынганына карабастан айрым жетекчилер тарабынан кызматкерлердин функционалдык милдеттерин аткарууда көзөмөлдүн начардыгы, өз ишмердүүлүгүндө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган түшүндүрүү, алдын алуу жана талдоо иштеринин жоктугу, ошондой эле иштин аялуу жерлерине кадр дайындоо маселеси начар болуп жатканын белгиледи.

Андан соң УКМК төрагасы бүгүнкү кеңешменин темасы Чүй облусундагы "Чалдовар-Автодорожный" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал экенин айтты.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл-өткөрүү пунктунун иш-аракетинин зонасында Мамлекеттик салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери тартылган контролдоочу органдардын кызмат адамдарынын алдын ала биргелешкен макулдашуусу аркылуу уюштурулган жаңы туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Тактап айтканда, “Чалдовар-Автодорожный " көзөмөл өткөрүү пунктунун иш зонасында Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Транспорт министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдары өзүнчө "ортомчулар" менен сүйлөшүп, жалган товарларды-коштоочу документтерди колдонуу менен ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо (контрабанда) боюнча коррупциялык схеманы түзүшкөндүгү аныкталган.

Ошол эле учурда, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча КР жарандары Ж.Н.Т.,Ш.у.К. (Чалдовар айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты), Т.К.Э. жана Өзбекстандын жараны Т.Э.Н. ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоону жүзөгө ашыруу максатында "Жорго ТД" ЖЧКсын жана "Радиант" ЖЧКсын катташып, аталган мамлекеттик органдардын кызматкерлерине "М-Банк" интернет капчыгын толуктоо аркылуу жана Кыргызстанга товарларды контрабандалык жол менен алып келүүнү жашыруу үчүн накталай формада дайыма пара түрүндө акча каражаттарын берип турушкан.

18-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.Ж. жана Э.Т.дан, товарларды мыйзамсыз алып өтүүдөгү орун алган коррупциялык схема, анын ичинде кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө акча каражаттарын алуу фактылары боюнча төгүндөлгүс далилдер алынып, жыйынтыгында Салык кызматынын 7 кызматкери, Чек ара кызматынын 6 кызматкери, Айыл чарба министрлигинин Фитосанитардык кызматынын 7 кызматкери жана Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын 4 кызматкери жыйын учурунда кармалды.

Аталган коррупциялык схемада "ортомчулар" "ТД Жорго" жана "Радиант" фирмалары аркылуу жасалма маалыматтар менен жасалма документтердин негизинде жүк ташып келүү үчүн оор жүк ташуучу бир транспорт бирдигине 1500дөн 2000 долларга чейин акча алышкан.

Мында мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ортосундагы мыйзамсыз сый акынын өлчөмү 5000 сомдон 7000 сомго чейин жеткен. Алынган маалыматтар боюнча "Чалдовар Автодорожный" өткөрмө пунктунан мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан күн сайын 80 000 сом чогултулган. Аталган коррупциялык схеманын аракеттери менен республиканын бюджетине миллиондогон зыян келтирилген.

Аны менен катар Ташиев Чүй облусунун аймагындагы "Ак-Жол Автодорожный" жана "Ак-Тилек Автодорожный" сыяктуу башка көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишмердүүлүк зонасында коррупциялык фактылар бар экендиги тууралуу да ушул сыяктуу маалыматтар түшүп жатканын билдирди.

Буга байланыштуу УКМКнын төрагасы бардык күнөөлүү адамдарды иштен бошотууну, алардын мүлкүн камакка алууну, бул коррупциялык схемага тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнү, анын жыйынтыгы боюнча аларды камакка алууну, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата ээлеген кызматын кароо жөнүндө сунуштарды берүүнү тапшырды.

 

 

13:17, 24-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар