Кыргызстанда бүгүн 1-октябрдан тарта пенсия көбөйдү
Кыргызстанда бүгүн 1-октябрдан тарта пенсия көбөйдү
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйдү. Министрлер кабинеттинин токтомуна ылайык, пенсиянын 50 миң сомго чейинки камсыздандыруу бөлүгү үчүн индексациялоо коэффициенти 1,10 деп белгиленди. Көбөйтүү 600 сомдон кем болбошу керек.
Камсыздандыруу үлүшү 50 000 сомдон жогору болгон пенсиялар үчүн индексация 5 000 сом менен чектелет.
1-октябрдан кийинки минималдуу пенсия 7100 сомду түзөт. Өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 11 миң 226 сомго жетет. Соцфонддун маалыматы боюнча, жогорулоо пенсия курагындагы 818 миң 700дөн ашык жаранга тиешелүү. Бул үчүн болжол менен 2,04 миллиард сом керектелет.
Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагы: аялдар үчүн 58, эркектер үчүн 63 жаш.