Ала-Арчада тоодо калган туристтер куткарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында тоодо калган ооганстандык туристтерге жардам көрсөтүштү.

Чет элдик эки жаран 20-сентябрда капчыгайдын шаркыратма тилкесине эс алууга чыгышкан. Алардын бири 23 жаштагы И.У.У. аттуу адам бутун кокустатып алгандыгын “112” кызматына билдирген.

Нөөмөттөгү 5 куткаруучу түнү менен жардамга барып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, тоодон алып түшкөн. Учурда туристтин абалы канааттандырарлык.

ӨКМдин маалыматына ылайык, “Ала-Арча” паркында куткаруучулар күнү-түнү нөөмөттө турушат.

10:10, 22-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар