ИИМ жол эрежесин бузуп айып пул төлөбөгөндөр менен күрөшүүнүн жолун сунуштады

Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузуп айып пулун төлөбөй жүргөндөрдөн карызды өндүрүү үчүн айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат. Тиешелүү долбоор коомдук талкууга илинди.

Документтин негиздемесине ылайык, айып пул төлөбөгөндөр кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн каттатып же кайра каттата албайт. Башкача айтканда, сата албайт же сатып ала албайт. Андан тышкары, лицензия жана уруксаттарды берүүгө да тыюу салуу сунушталууда.

Министрликтин маалыматына таянсак, ушул жылдын жети айында 850 миңден ашык протокол түзүлгөн. Айыпка жыгылгандардын 23 пайызы карызын төлөбөй жүрөт.

"Мындай статистика жарандардын жана юридикалык жактардын тартипке баш ийгиси келбегендигин көрсөтөт", — деп белгилеген мекеме.

 

14:01, 21-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар