УКМК Ош шаарында жактоочуну акча опузалоого шек санап кармады
УКМК Ош шаарында жактоочуну акча опузалоого шек санап кармады
Сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө акча каражатын опузалап алуу фактысы боюнча Ош шаарында жактоочу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, А.Г. аттуу жаран С.Н.С. аттуу жактоочуга карата чара көрүү өтүнүчү менен атайын кызматка кайрылган. С.Н.С. жактоочу катары Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча бир катар кылмыштарды жасаган деп айыпталган арыз ээсине юридикалык жардам көрсөтүү маалында сот бийлигиндеги адамдар менен байланышы бар экенин, Ош шаардык сотунда каралган кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып бере аларын айтып, аны атайылап жаңылыштырган.
Жактоочу айыпталуучуга жашы жете элек баласы бар экендигин шылтоо кылып, пробация түрүндө жаза алып берүүгө же жазаны кийинкиге калтырууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, ал үчүн 350 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.
УКМК кылмыш ишин козгоп, ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаардык сотунун имаратынан акча каражатын алгандан кийин адвокат пара менен кармалган. Жеке тинтүүнүн жүрүшүндө жактоочу кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн пара катары алган акчаны өз ыктыяры менен берген.
Учурда ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Кармалган жактоочунун жакындары же жактоочулары атайын кызматтын айыптоолору боюнча комментарий бере элек.