Бишкекте 3-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт
Бишкекте 3-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт
3-ноябрдан тарта Бишкек жылуулук электр борбору "Бишкекжылуулук" ишканасына жылуулук берүү үчүн жабдууларды ишке киргизе башташат. Бардык системалар сыноодон өтүп, ишке киргизүүгө даяр.
Үйлөргө жана мекемелерге жылуулук туташтыруу этап-этабы менен жүргүзүлөт. Алгач жылуулук мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык мекемелерге, андан кийин турак жайларга жана жеке секторго берилет.