Мал базарга ветеринардык маалым каты жок мал-жандык киргизилбейт
Министрлик: мал базарга ветеринардык маалым каты жок мал-жандык киргизилбейт
Кыргызстандагы мал базарларга ветеринардык маалым каты жок мал-жандык киргизилбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, документсиз малдын ээсине 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 500 сом айып салынат. Ветеринардык кызмат айдоочуларга кайрылып, коштомо документи жок мал ташууга жана базарга алып кирүүгө катуу тыюу салынганын эскертти.
Маалым кат алуу үчүн кара малдын кулагына бирка, ал эми жылкылардын денесине чип басылышы керектиги кошумчаланды.