Кеминде эс алуу жайынын курулушу токтотулуп, 200 миң сом айып салынды

Кеминде мыйзамсыз курулуп жаткан эс алуу жайынын курулушу токтотулуп, 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө.

Иш-чаранын алкагында Кемин районунун Чолок (Датка-Кемин) айылында жер тилкесин өз алдынча мыйзамсыз пайдалангандар аныкталды. Башкача айтканда, айыл чарба багытындагы жерге уруксат кагазы жок эс алуучу жайдын курулуш иштери жүргүзүлгөн.

Текшерүү учурунда куруучу тарабынан долбоордук документтер, курулушка уруксат берүү жана макулдашуу кагаздары көрсөтүлгөн эмес.

Натыйжада тиешелүү акт, протокол түзүлүп, мыйзам бузуучуга карата административдик чаралар көрүлдү. Ошондой эле 200 миң сом айып пул салынып, курулуш иштери токтотулду.

 

 

15:46, 15-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар