Өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Президенттик аппарат балдарга жана аялдарга карата өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын белгилөө мүмкүнчүлүгүн караган “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Түшүндүрмө катта белгиленгендей, мыйзам долбоорунун максаты балдардын жана аялдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону күчөтүү болуп саналат.

Мыйзам долбоору 28-октябрга чейин коомдук талкууда болот. 

Эгер өзгөртүүлөр референдум аркылуу кабыл алынса, Жогорку Кеңеш Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-процессуалдык кодексине, Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизет. 

Балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү президент сунуштаган.

12:28, 14-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар