Жер мунапысы: Бишкекте дагы 900дөй үйдүн жери мыйзамдаштырылды, 1400 үйдүкү каралууда

Жер мунапысы жөнүндө мыйзамдын алкагында алкагында Бишкек шаарында дагы 973 үйдүн жер тилкелери мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Мунун ичинен өзүм билемдик менен көрүстөндөргө жакын курулган жеке турак үйлөргө карата санитардык-коргоо зонасы 50 метрден 10 метрге чейин кыскартылып 573 турак жайды мыйзамдаштыруу маселеси чечилген. Темир жолдордун коргоо зонасына тиешелүү ченемдер жер мунапысынын объекттерине жайылтылбагандыктан, 100 ашык үйлөр мыйзамдаштырылган. Ошондой эле “Үмүт” конушунда саркынды суулардын коргоо зонасындагы 300 турак жайдын мыйзамдаштыруу маселеси чечилген.

Мындан сырткары кызыл сызык сыртына чыгып калган жер тилкелерине шаар куруу кеңешмесинин чечимине ылайык 1418 турак жайды мыйзамдаштыруу жумуштары жүргүзүлүүдө.

Тиешелүү маселе мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегия жыйынында көтөрүлдү. Бул боюнча маалыматтарды мэрдин орун басары Азамат Кадыров берди.

Маалыматка ылайык, курулуш кортундуларын алуу жана менчик укуктарын каттоо иштери шаардын эски чектеринде 1-ноябрга чейин, жаңы чектерде 31-декабрына чейин аяктайт.

2021-жылы 5-апрелде мурдараак мыйзамсыз ээленген жер тилкелерине мунапыс берүүчү “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.

 

 

11:34, 13-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар