Кыргызстанда "Түндүк" тиркемеси аркылуу эми дарыгерди үйгө чакырууга болот
Кыргызстанда бейтапканага "Түндүк" тиркемесинен эле каттоого туруп, аралыктан үйгө дарыгер чакыртууга болот.
Мобилдик тиркемеде ушундай эки медициналык жаңы кызмат ишке кирди. Ал үчүн "Менин ден соолугум" бөлүмүнө өтүп, тизмеден "Поликлиникага онлайн тиркелүү" кызматын басып, бейтапкананы тандап, өзүңүздү же балаңыздын аты-жөнүн, телефон, даректи жазып катталасыз. Поликлиника өтүнмөнү үч жумушчу күндүн ичинде карап чыгып, жообун бериши керек.
Ал эми дарыгерди үйгө чакыруу үчүн "Менин ден соолугум" бөлүмүнөн "Медицина кызматкерин үйгө онлайн чакыруу" кызматын тандайсыз. Медикти кимге чакыра турганыңызды жазып, телефон, учурда жашап жаткан даректи калтырасыз.
Каттоо бөлүмү арыз түшкөндөн кийин аны бир жумушчу күндөн кечиктирбей кабыл алып, тиешелүү медицина кызматкерин дайындашы керек.