Жапаров талапкерлерге: кудайдын, элдин колдоосуна ишенгиле

Президент Садыр Жапаров коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге миңге чейин үгүтчү жалдоого уруксат берүү боюнча талкууга жооп берди.

Ал "Кабар" агенттигине маек курган. Журналист айрымдар бул норма акчалуу талапкерлерге артыкчылык берип, парламентке жалаң акчалуулар келет деген пикирди жаратып жатканын айткан.

"Бул маселе боюнча мурдагы мыйзамда 500гө чейин үгүтчү алса болот деген ченем бар эле. Округдар чоңойгонуна байланыштуу депутаттар миң үгүтчүгө чейин деп көтөрүп коюшуптур. Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм. Себеби канча жолу шайлоолорго катышсам да, бир округга мынча үгүтчү алган эмесмин. Азыркы шайлоого катышып жаткан талапкерлер деле мынча үгүтчү албаса керек. Эгер ушунча үгүтчү алган талапкер болсо, демек, акчасы көп талапкер. Шайлабай коюш элдин колунда", — деген Жапаров.

Анткен менен миң үгүтчү деген маселеден трагедия кылыштын деле кереги жок дегенпрезидент.

"Себеби, 500 үгүтчү деп көрсөтүп коюу менен маселе чечилбейт деп ойлойм. 500 үгүтчүнү расмий түрдө алып, 500 үгүтчүнү оозеки сүйлөшүп алып иштетиши толук мүмкүн да. Далилдеш кыйын. Ошондуктан дагы бир жолу кайталайм. Ар бир талапкердин тагдыры үгүтчүлөрдүн колунда эмес, элдин колунда! Эгер эл колдобогон талапкер болсо миң эмес, эки миң үгүтчү жалдап алсаң да өтпөйсүң. Ошондуктан үгүтчүгө эмес, Кудайдын, анан элдин колдоосуна ишенгиле", — деген президент.

Өлкө башчы ар бир үгүтчү да шайлоочу экенин белгилеп, бирөөгө чуркарда жетимиш өлчөп бир кесүүнү сунуштаган.

 

14:25, 11-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар