Ташиевдин атын жамынып BMW X7 жана 210 миң доллар алып кеткен. Шектүү кармалды

Көмүргө байланышкан ири тендерди утууну убадалап, ири суммадагы акча жана кымбат баалуу унаага алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Алай районунда туулган 51 жаштагы К.Ш.Ш. аттуу киши атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, М.Г.А. аттуу аялды алдап кеткени боюнча социалдык тармактарга видео тараган. Аны блогер Нурлан Мотуев жарыялаган.

"Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнүн алкагында блогер чыгарган видео текшерилип, жабырлануучудан жазуу жүзүндөгү арыз алынып, анда айтылган фактылар тастыкталган. Шектүү жаран Бишкек Жылуулук электр борборун көмүр менен камсыздаган ири тендерди утууну убадалап, жабырлануучудан 210 миң доллар жана BMW X7 үлгүсүндөгү унаасын алдап алган", — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-издөөнүн жүрүшүндө шектүү кармалып, атайын кызматка жеткирилген. Сүйлөшүү учурунда ал күнөөсүн толук мойнуна алып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына киргизилгени айтылды.

 

13:50, 10-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар