Шайлоо. БШК аралыктан добуш берүүнү тесттик режимде сынап көрдү
Шайлоо. БШК аралыктан добуш берүүнү тесттик режимде сынап көрдү
Бүгүн, 10-октябрда өлкө аймагында добуш берүү процесси тестирлөөдөн өткөрүлүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдиргендей, тестирлөө Россиянын 5 шаарында – Новосибирск, Иркутск, Красноярск, Москва, Екатеринбургда өткөрүлүп жатат.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2492 шайлоо тилкеси бар. Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси ачылат. Ошону менен бирге биз ири соода борборлордо, базарларда жана башка жерлерге кошумча шайлоо тилкелерин ачабыз. Анын катарында “Айчүрөк” соода борборунда дагы аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында добуш берүү процесси тестирлөөдөн өткөрүлүп жатат”, - деди ал.
Тестирлөө үчүн соода борборунун кире беришине БШК тиешелүү жабдууларды, анын ичинде автоматтык эсептөө урнасын, добуш берүү кабинасын жайгаштырган.
Жарандар өздүгүн тастыктаган документтин (жалпы жарандык паспорт, ID-карта, же алардын “Түндүк” тиркемесиндеги электрондук түрү) БШКнын кызматкерлерине көрсөтүп, шайлоочулардын тизмесинде бар же жогун, кайсы шайлоо округуна карай тургандыгын текшерүүдө. Тизмеден чыккандарга жабдуу бюллетенди дароо чыгарып берүүдө. Андан соң бюллетендин үлгүсүндөгү талапкерге кадимкидей эле добуш берип, бюллетенди урнага салат.
Тынчтык Шайназаров белгилегендей, 20-октябрда жана 30-октябрда да добуш берүү процесси тестирлөөдөн өткөрүлөт.