Каракол шаардык "Суу канал" муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалды

УКМК Каракол шаардык «Суу канал» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 2023-жылы Каракол шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо максатында жооптуу кызматкерлер тарабынан шаардагы суу алуучу жайлардын биринин аймагындагы үч скважинага бургулоо иштери боюнча тендер өткөрүлүп, 2023-жылдын 31-декабрына чейин тендердин баасы 38 миллион 927 миң сомду түзгөн.

Бирок, ошол учурдан тартып ушул кезге чейин «В» ЖЧКсынын жооптуу кызматкерлери ар кандай себептерди шылтоолоп (жер шартынын татаалдыгынан бургулоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу) көрсөтүлгөн долбоордон четтеп, сапатсыз чыгымдалуучу материалдарды пайдаланышып, натыйжада бургуланган скважиналардан иче турган суу талап кылынган өлчөмдө берилбей калган.

Өз кезегинде аталган муниципалдык ишкананын кызмат адамдары долбоордон четтегенине карабастан, аткарылган иштердин ашыра көрсөтүлгөн актыларына кол коюп, ошону менен мамлекеттик бюджетке 6 млн.сомдон ашык зыян келтиришкен.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Каракол шаардык «Суу канал» ишканасынын жетекчиси О.Ж.К. жана «В» ЖЧКсынын жооптуу кызматкери Д.Р.К. Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

 

13:06, 10-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар