Ташиев бийлик шайлоодо кайсы бир талапкерди сүрөбөй турганын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коомчулукта айрымдардын Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого “талапкер болуу үчүн бийликтин колдоосун алдым” деген сөзүнө ишенбөөгө чакырды.

Ал sayasat.kg сайтына курган кыска маегинде Кыргызстанда буга чейинки революциялар, бийлик алмашуу ушундай иштерден, таза эмес өткөрүлгөн шайлоолордон улам болгонун айтып, азыркы бийлик андай катаны кайталабай турганын кошумчалады.

“Ачыгын айтканда, биз таза шайлоо өткөрүү ниетинде абдан чоң жумуш жасадык. Анткени биз да убагында канчалаган шайлоолорго катышып, азабын тартып келгенбиз. Азыр болушунча адам факторун азайттык, санарипке өттүк. Шайлоочулардын кызыкчылыгы биринчи орунда болду. Эгерде биз өз адамдарыбызды алып келүүнү көздөсөк, ушунун баарын жасаштын эмне кереги бар эле? Эски шайлоо системасын калтырып, жыргап жата бербейт белек анда?!”, - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 1-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу (30 округ) шайлоо округдарынын чек араларын бекиткен.  Айрымдар шайлоо округдары чачыранды, кээ бир жерлерде шайлоочулардын саны аз болуп калды деген сын-пикирлерди айтып жатышат.

 

13:56, 03-10-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар