Айсулуунун өлүмү тууралуу маалымат берген Сыймык Нарынбек уулуна иш козголду
Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмү тууралуу коомчулукка, журналисттерге анын агасы катары маалымат берген Сыймык Нарынбек уулуна кылмыш иши козголуп, кармалды.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов 2-октябрда “Кабар” агенттигинде суроолорго жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, Сыймык Нарынбек уулуна Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо” беренеси менен айып коюлду жана эми сотто бөгөт чарасы каралат.
ИИМ “Айсулуу Мукашеванын тууганымын” деп журналисттерге маалымат берген Сыймык Нарынбек уулу анын жакыны болбогонун, буга чейин ал уурулук жана алдамчылык жасоого шек саналып, жоопкерчиликке тартылганын билдирген.
Министрлик 1-октябрда тараткан видеодо Сыймык Нарынбек уулу 2002-жылы Нарын шаарында туулганын, социалдык тармактарда катталуучу чогултуу үчүн ушундай ишке барганын, өзүн ИИМдин кызматкери деп тааныштырып, Айсулуу Мукашеванын туугандарынан, тааныш-билиштеринен маалымат чогултканын айткан.
Видео каякта кандай шартта тартылганы белгисиз. Анын жакындары комментарий бере элек.
Ал эми Айсулуу Мукашеванын жакындары Сыймык Нарынбек уулунан кызды издөө ишине жардам берүүнү суранышканын билдирген.
Башта анын номурун журналисттер отурган WhatsApp тайпага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Кайгуул милиция башкармалыгынын инспектору Надырбек Жусупов салып, Сыймык Нарынбек уулу маркум кыздын агасы экенин жазган.
Айсулуу Мукашеванын өлүмү боюнча коомчулукка өзүн “кыздын агасымын” деген Сыймык Нарынбек уулу маалымат бере баштаган. Ал бир катар медиага кыздын өлүмү, аны издөө иштери тууралуу айтып берген.