17 жаштагы Айсулуунун өлүмү: Шектүү өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн

17 жаштагы Айсулуунун өлүмү: Шектүү өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн

Айсулуу Мукашеваны өлтүргөн адамга кошумча айып тагыла турганын ИИМдин басма сөз катчысы Султан Макилов маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, шектүү адам өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Милиция алгач адам өлтүрүү фактысы боюнча иш козгогон, анткени кылмыш кандайча жасалганы белгисиз болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы менен кармалган адамга зордуктоо беренеси менен кошумча айыптар дагы коюлат", — деди Макилов.

Ал белгилегендей, алдын ала маалыматтар боюнча, маркум менен айыпталуучу тааныш эмес.

13:11, 02-10-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар