Көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилет

Кыргызстанда 1-октябрдан баштап 30-декабрга чейин көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл кирет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн максималдуу баасын аныктап, көзөмөл жүргүзөт. Мөөнөт базардагы абалга жараша узартылышы мүмкүн.

Буга чейин Кара-Кечеден көмүрдүн тоннасы 2460 сомдон сатылары белгиленген.

12:48, 30-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар