Матраимовдун өкүл баласы Сайпидиновдун камактагы мөөнөтү узартылды
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакын тарапташы Мунарбек Сайпидиновдун камактагы мөөнөтү 30-октябрга чейин узартылды. Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 29-сентябрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунда мамлекеттин карамагындагы жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталган. Мунарбек Сайпидинов, Савай айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери 2014-жылдан ушул күнгө чейин жеке тараптар менен биргеликте мамлекетке тиешелүү жер тилкелерин жана социалдык мекемелерди мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарып, ири өлчөмдөгү зыян келтиришкени аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси – “Коррупция” менен кылмыш иши козголуп, Мунарбек Сайпидиновго сыртынан айыбы угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Ал Орусияда кармалып, 7-августта Кыргызстанга алынып келген. 8-августта Биринчи май райондук соту аны 30-сентябрга чейин камакка алган.