Кытайдагы майрамдарга байланыштуу чек арадагы бекеттер жабылат
Кытайдагы майрамдарга байланыштуу "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, убактылуу чектөө 1-3-октябрь жана 6-октябрь күндөрү болот.
"Ал эми 4-5-октябрь күндөрү жүк ташуучу транспорт каражаттарын жана товарларды тариздөө, өткөрүү процедуралары гана жүргүзүлөт. Бул күндөрү жеке жактар өтө албайт", — деп айтылат маалыматта.
Жогоруда аталган көзөмөл-өткөрүү пунктулары 7-октябрдан тарта штаттык режимде иштеп баштайт.
Чек ара жабылган күндөрү Кытайда өлкөнүн түзүлгөн күнү жана Күз майрамы белгиленет.