Сузакта УКМКнын кызматкеримин деп элден акча алып жүргөн киши кармалды

Сузактын Бек-Абад айылында өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдоо жолу менен элден акча алып келген А.А. кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

Маалыматка караганда, ал бул аракетин тургундарга УКМКнын органдары финансылык жардамга муктаж деп түшүндүрүп келген.

"Акча бергендер карызын доолаганда укук коргоо органынын жасалма документтерин көрсөтүп, жабырлануучуларга кысым көрсөткөн", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү кармалган учурда автоунаадан РФ ИИМ кызматкеринин күбөлүгү жана укук коргоо органдарына тиешелүүлүгүн "далилдеген" башка буюмдар табылган.

УКМК кармалган кишиден жабыркагандарды атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын 0995 01 22 10 (WhatsApp) ишеним телефонуна кайрылууну суранат.

11:18, 29-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар