Кыргызстандын бардык мамлекеттик музейлерине бир ай акысыз кирүүгө болот

Кыргызстандын бардык мамлекеттик музейлеринде 1-октябрдан 30-октябрга чейин "Ачык эшиктердин бир айлыгы" өтүп, акысыз кирүүгө болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чара президенттин руханий адеп-ахлактык өнүгүү, улуттук наркты даңазалоо жана тарыхый мураска болгон кызыгууну арттыруу боюнча жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле өлкөдө алгачкы музейдин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулуп жатат.

Долбоордун алкагында атайын экскурсиялык маршруттар, тарыхый жана маданий багыттагы экскурсиялар, лекциялар жана мастер-класстар өтөт.

"Ачык эшик айлыгы – бул коомчулуктун улуттук маданий мурасы менен жакындан таанышуусуна, тарыхка болгон кызыгуусун ойготууга жана жаштар арасында патриоттуулукту тарбиялоого багытталган маданий долбоор", — деди министрлик.

 

15:14, 29-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар