Президент салынып жаткан жолдордун 80% ашыгы бюджеттен каржыланганын айтты

Президент Садыр Жапаров быйыл Кыргызстанда салынып жаткан автожолдордун 80% ашыгы мамлекеттик бюджеттен каржыланганын билдирди.

Бул тууралуу ал 29-сентябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп-Кеген жолунун ачылышында сүйлөп жатып айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ошондой эле 2021-жылдан бери транспорт жана жол тармагына 101,7 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн кошумчалады.

“Биз сөз кылып жаткан жолубуз кереметтүү Ысык-Көл менен боордош казак элинин Алматы облусун, Алматы шаарын байланыштырган экономикалык жана социалдык мааниси олуттуу жол экенин жакшы билесиздер”, - деди президент.

Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн Түп–Кеген автожолу заманбап стандарттарга ылайык курулган. Жолдун 39–76-чакырымындагы тилке жана Каркыра–Турук–Сары-Жаз автожолунун 13 км толук жаңыдан оңдолду. 

 

13:10, 29-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар