Бишкекте тыгында жолдо төрөгөн эне менен баланын абалы туруктуу

Бишкекте тыгында төрөт үйүнө жетпей, жолдо көз жарган эненин жана ымыркайынын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, бала бир аз үшүп калган. Учурда эне менен балага бардык медициналык жардам көрсөтүлүп, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы бүгүн 26-сентябрда Бишкек шаарында кош бойлуу аял тыгындын кесепетинен төрөт үйүнө жетпей жолдо, патрулдук унаада төрөгөнүн кабарлаган.

Кайгуул кызматкерлерине жаран кайрылып, жардам берүүсүн сураган. Кайгуул кызматкерлери аны жеткирүү үчүн ыкчам чара көргөнүнө карабастан аял төрөт үйүнө бара жаткан жолдо көз жарган.

14:30, 26-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар