"Кызмат" мекемеси шайлоолорго техникалык оператор болуп аныкталды
Президентин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси шайлоолорго техникалык оператор болуп аныкталды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын тиешелүү токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Документке ылайык, "Кызмат" ишканасына төмөнкү милдеттер жүктөлдү:
шайлоо жана референдумдарды өткөрүүгө керектүү автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, техникалык тейлөө жана жаңыртуу;
шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүп, бирдиктүү каттоо системасына жүктөө;
шайлоочулар боюнча маалыматтарды Калктын мамлекеттик жарандык реестрине таянып убагында жаңыртып туруу;
шайлоочуларды идентификациялоочу жабдууларды даярдоо жана кийинчерээк БШКга өткөрүп берүү.
Эскерте кетсек, 25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу боюнча токтом кабыл алып, алдын ала маалымат боюнча, кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөрү айтылды.