Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун спортчулар комиссиясына мүчө болду
Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун спортчулар комиссиясына мүчө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Айсулуу Тыныбекова 2025–2029-жылдарга карата UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды.
Бул шайлоо Загребде дүйнө чемпионатынын алкагында өтүп, дээрлик 400 балбан добуш берди.
Комиссиянын курамына 9 спортчу кирди:
- Арсен Жулфалакян, (Аргентина)
- Юи Сусаки (Япония),
- Тамаш Лоринц (Венгрия),
- Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан),
- Хассан Яздани (Иран),
- Мария Преволараки (Греция),
- Абделлатиф Мохамед (Египет),
- Жессика Лаверс-Макбейн (Австралия),
- Николаас де Ланге (Түштүк Африка).
Федерация спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуу чоң сыймык гана эмес, спортчулардын үнүн түздөн түз UWW бюросуна жана конгрессине жеткирүү мүмкүнчүлүгү экенин айтты.