Эскирген азыктарды ташып жана сатып жүргөндөр аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды ташып келип, жасалмалоо жана сатуу боюнча кылмыштуу схема аныкталганын бүгүн, 24-сентябрда кабарлады. Маалыматка караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында "Евразия канаттуулар фабрикасы" ишканасы жана аталган уюмдун жетекчисинин жашаган жеринде тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

"Тинтүүнүн жүрүшүндө канаттуулар фабрикасынын муздаткыч жайларында жарактуулук мөөнөтү өткөн өзгөчө ири өлчөмдөгү контрафакттык азыктар табылган (маалымдама: көрсөтүлгөн азыктар кийин шаардын базарларында жана гипермаркеттер тармагында ата мекендик бренд менен кайра таңгакталат жана сатылат), көрсөтүлгөн фактылар системалуу мүнөзгө ээ жана мамлекеттин санитардык-эпидемиологиялык жана экономикалык коопсуздугуна коркунуч жаратат", - деп билдирди УКМК.

Фабриканын жетекчилиги миграциялык мыйзамдарды бузуу менен Бангладештин 28 жаранын жана Пакистандын 4 жаранын уруксаты жок мыйзамсыз ишке тарткан.

Кыргызстанда буга чейин дагы эскирген товарларды саткан учурлар аныкталган.

Аталган ишкананын өкүлдөрү маалымат бере элек.

 

10:13, 25-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар