Садыр Жапаров: Негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү, экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз

 “Негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү, экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз”, деди мамлекет башчы Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында.

 

Биз АКШ Президенти Дональд Трамп менен Россия Президенти Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган аракеттерин жана чечимдерин колдойбуз.

Биз буга кызыкдарбыз!

Анткени, россия-украина жаңжалынан улам биз дагы жапа чегип жатабыз.

Бир тараптуу санкциялар бизге, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкөгө да кесепетин тийгизүүдө.

Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келебиз.

Андыктан, негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз.

Мен дайыма айтып келгем жана дагы бир жолу кайталайм: Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келген жана аткара беребиз.

Бирок биз жарандарыбыздын кызыкчылыгын, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн курмандыкка чала албайбыз!

Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар айрым бейөкмөт уюмдар жана кара ниет жарандарыбыз тарабынан жайылтылган жалган маалыматтарга негизделген.

Кыргызстан банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даярбыз.

2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Россия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Россиядан импорттолгон товарлар болгон.

Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн.

Ачык айтканда, кимдир бирөөлөр өз алдынча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган.

Бул көрүнүштү кантип атоо керек?

«Өзгөдөн бир нерсе талап кылаардан мурда өзүн башкаларга үлгү бол деген сөз».

Бизге Россия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар.

Бизди силерге караганда Россия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат.

Ошондуктан экономикалык жактан алганда Россия менен кызматташпай коё албайбыз.

Биз башкалар менен тирешүүнү каалабайбыз. Биз дээрлик бүт дүйнө менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүп жатабыз.

Мисалы, биз ошол эле Англияга жылына 1 миллиард долларлык алтын сатабыз.

Менин өлкө Президенти катары биринчи милдетим – жарандарымдын жана өлкөмдүн коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык абалын жогорулатуу.

Биз экономикалык кызматташтыкты жана сооданы саясатташтырууга каршыбыз.

Ошондуктан 2 банкыбызга салган санкциянарды тез арада алып салууну талап кылабыз”, - деди мамлекет башчы.  

 

09:09, 24-09-2025

Комментарии

Другие новости