Парламент комитети Жогорку Кеңешти таркатуу сунушун колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети парламенттин өзүн-өзү таркатуу тууралуу демилге көтөргөн депутаттык топтун сунушун колдоду. Демилгечи 32 депутаттын бири, депутат Улан Примов баяндама жасап, "мамлекеттин туруктуулугу жана стабилдүүлүгү үчүн" ушундай кадамга барып жатышканын белгиледи.

"Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айынын аягында өтүшү керек. Бирок бир айдан кийин эле Кыргыз Республикасынын президентинин кезектеги шайлоосу туш келип жатат. Мындай учур саясий туруксуздукка алып келиши толук ыктымал. Мамлекетте мындайга жол бербешибиз керек, бийлик бутактары кандай учур болбосун иштеп туруусу зарыл. Кыска убакытта эки масштабдуу шайлоо кампаниясын уюштуруу, өткөрүү олуттуу финансылык, адамдык, материалдык жана техникалык ресурстарды талап кылат. Бул шайлоо системасына ашыкча жүктү жаратып, каталардын жана мыйзам бузуулардын коркунучу дагы күчөшү ыктымал. Шайлоону кыска убакыт аралыгында өткөрүү шайлоо системасына оорчулукту жогорулатып, өлкөнүн саясий системасынын туруктуулугуна, мамелкеттик башкаруунун натыйжалуулугуна жана демократиялык процесстердин сапаттарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн", - деди Примов.

Эл өкүлү ушул жагдайларды эске алуу менен Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу боюнча сунуш киргизилгенин кошумчалады.

Демилгечи топтун сунушу көп талкууланган жок. Депутат Элмурза Сатыбалдиев 32 депутаттын аты-жөнүн атоону суранып, бул маселени кенен талкуулагандан кийин гана Жогорку Кеңштин жыйынына алып чыкса туура болмоктугун айтты. Ал парламенттин кезексиз таркашына каршы эмес экенин жана кийинки шайлоого катышпай турганын айтып: "Жаңы адамдар, биздин курамдан дагы келсин, жаңы көз караш менен иштейм деген адамдар келсин деген негиздөөнү дагы киргизиш керек. Ар бир нерсени негиздеп айткан туура. Силер 32 болсоңор, отуз үчүнчү деп айта албайм, жетимишинчи болуп колдоп берем", - деди Сатыбалдиев.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча 32 депутаттан кол чогултулуп, сунуш парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жөнөтүлгөн. Спикер бул демилгени колдой турганын айткан.

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгесин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 60 депутат колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Шайлоо болжол менен 30-ноябрда өтөрү айтылууда.

 

12:31, 23-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар