АКШ Казакстанга $4 млрддык локомотив берет
АКШ Казакстанга $4 млрддык локомотив берет
АКШнын Wabtec компаниясы Казакстан темир жолуна 300 заманбап локомотив сатууга келишти. Reuters жазгандай, келишимдин жалпы суммасы $4,2 млрдды түзөт.
Локомотивдердин жаңы мууну Европаны жана Азияны байланыштырган транспорт агымын күчөтөрү айтылууда.
АКШнын соода министри Говард Лютник бул келишимди «тарыхтагы эң ири» деп атап, миңдеген жумуш орундарын түзөрүн белгиледи.
Келишим Дональд Трамп менен Касым-Жомарт Токаевдин телефон сүйлөшүүсүнөн кийин жетишилди.