Акыркы жумада өлкө аймагында 255 мас айдоочу аныкталды
Алдын ала маалымат боюнча, 15-сентябрдан 21-сентябрга чейин өлкө аймагында 22 692 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
тийиштүү документтери жокунаа башкаруу – 1 379;
мас абалында унаа башкаруу – 255;
унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 146;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 655;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 546;
авто ээнбаштык – 17;
белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 633;
жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 7;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 502;
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 552 унаа убактылуу айып короого токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.