УКМК спорт департаментинде коррупциялык схема аныкталганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары (Т.С.С.), департаменттин мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси (А.Р.Д.) жана бир компаниянын (Т.Н.А.) директору кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик сатып алууларда Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилери катышкан коррупциялык схема аныкталган.

Департаменттин директорунун орун басары жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси 2023-жылы “Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоочу медицина борбору” мекемеси түзүлгөнгө чейин медициналык жабдууларды сатып алуу иштерин жүргүзгөн. Алар 30 млн сомго талапка жооп бербеген медициналык жабдуу сатып алып, баасын жогору көрсөткөн деген кине коюлууда.

 

13:13, 19-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар