БУУ Израиль Газада геноцид кылды деген бүтүм чыгарды
Израилдин Газа тилкесинде жасап жаткан кадамы геноцид деп эсептелет. Мындай бүтүм аталган өлкөнүн палестин аймагын басып алган окуяларды изилдеп чыккан БУУнун көз карандысыз комиссиясынын докладында айтылганын РИА Новости жазды.
"Комиссия Израиль бийлиги Газадагы палестиналыктардын тукум улоо жөндөмүн топ катары жарым-жартылай, анын ичинде төрөттү алдын алуу максатындагы чараларды киргизүү аркылуу жок кылганын аныктаган. Андан сырткары, палестиналыктардын топ катары жок болуп кетишине өбөлгө болчу жашоо шарттарды атайылап түзгөнүн белгиледи. Бул Рим статусунда, Геноцид кылмышын алдын алуу жана жазалоо жөнүндө конвенцияда ("Геноцид конвенциясы") көрсөтүлгөн кыруунун негизги актыларына кирет", — деп айтылат комиссиянын баяндамасында.
Комиссиянын негизги тыянактары:
Израиль Газа секторунда геноцидди улантып жатат, анын калкка каршы жасагандары 1948-жылдан берки эң ырайымсыз кадамы болуп эсептелет;
өлкөнүн аскердик жана саясий лидерлери, анын ичинде премьер-министр Биньямин Нетаньяху да бул аракеттерге шыкакчы болгон;
Тель-Авив анклавдагыларга карата геноцидди алдын ала албай, ага бөгөт коюп жана жаза чарасын көрө албагандыгы үчүн жоопкер;
мамлекеттер Израилдин Газада жана басып алынган аймактардагы кадамдарын токтотуу үчүн бардык нерселерди колдонууга милдеттүү.
Израилдин чектен чыккан кадамы
Израилдин Тышкы иштер министрлиги БУУнун оккупацияланган палестин аймагындагы окуяларды иликтеген көз карандысыз эл аралык комиссиясынын жогорудагы отчетун четке какты.
Өлкө ТИМинин маалымат кызматы жетекчилиги отчет палестиналык ХАМАС кыймылынын калпына негизделген деп, бул комиссияны дароо таркатууну талап кылганын билдирди.
Соңку айларда Тель-Авив Газа тилкесин курчоого алып, зарыл тамак-аш, дары-дармек алып кирүүгө тоскоолдук кылган. Бул адамдардын кырылышын шарттаган. БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму аталган аймакты ачкачылык каптагандыгын жарыялаган.
Буга чейин БУУ дүйнөдөгү эки масштабдуу ачкачылыкты каттаган эле. Биринчиси 2017-жылы Түштүк Суданда, экинчиси 2011-жылы Сомалиде болгон.
Газанын администрациясы Израиль чабуулунан каза тапкандардын саны (2023-жылдын 7-октябрынан бери) 64 миңден ашканын, алар негизинен жай жарандар болгонун билдирген.
Эске салсак, Израиль премьери 21-августта Газага көзөмөл орнотуп, ХАМАСты талкалоо планын бекиткен. Күндүз аскерлер чабуулун баштаган. Маалыматтарда бул операция 2026-жылга чейин созулуп, маневрлар катуу болгон учурда запастагы 130 миң аскер да катыша турганы айтылган.
Өткөн айдын башында Нетаньяху айланасын коопсуз кылуу үчүн анклавдын бардык аймагын көзөмөлгө алууга ниеттенип жатканын билдирген. Тель-Авив башкаруусун кийинчерээк жарандык өкмөткө өткөрүп бере турганын кошумчалаган.
Бир топ мамлекеттер, анын ичинен Египет менен Катар Израилдин бул планын сынга алды. Августтун орто ченинде акырындык менен жаңжалдын отун өчүрүүгө алып бара турган 60 күндүк кепке келүү планын алып чыгышкан. Макулдашууда 2023-жылдын 7-ноябрында туткунга түшкөндөрдүн жарымын бошотуу, бир бөлүгүн камакта жаткан палестиналыктарга айырбаштоо каралган. ХАМАС бул демилгени колдогону менен Тель-Авив унчуккан эмес.